ГЕРМАНИЯНЫН КЕСИПТИК МЕКТЕПТЕРИНДЕ БИЛИМ АЛУУ МҮМКҮНЧҮЛҮГҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

14 Май 2024 ж. 16:59

Көрүлдү: 385

Билим берүү жана илим министрлиги менен “FAV Service gGmbH” компаниясынын ортосундагы өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумдун негизинде түзүлгөн долбоордун алкагында Кыргыз Республикасынын абитуриенттерине Германиянын кесиптик окуу жайларында билим алуу мүмкүнчүлүгү берилет.

post.title

Өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга 2023-жылдын декабрь айында Берлинде Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчилигинин көмөгү менен кол коюлган.

Гёте-институттарынан “В2” деңгээлинде немис тилин билүү жана чет тилин билүү деңгээлин баалоонун Жалпы европалык шкаласы (CEFR) боюнча сертификатталган TELC институттарынан сертификаты бар Кыргыз Республикасынын 18-26 жаштагы жарандары долбоорго катышуу үчүн өтүнмө жөнөтө алышат.

Долбоордун катышуучуларына Германияда окуу жайы камсыздалып, документтерди даярдоого жардам көрсөтүлөт.

Германияда билим берүү дуалдык система боюнча жүргүзүлөт, анда теория алдынкы ишканаларда практикалык көндүмдөрдү алуу менен бирге кесиптик мектепте  окутулат.

Үч жылдык окуу учурунда студенттер турак-жай издөөдө жана каттоодо германиялык өнөктөштөрдөн коштоо, немис банкындагы эсеп, айына 939 стипендия, медициналык камсыздандыруу алышат. Окууну ийгиликтүү аяктагандан кийин, студент дүйнө жүзү боюнча таанылган диплом алат.

Долбоорго катышуу акысыз.

Долбоор тууралуу толук маалымат - https://www.fav-kg.com

Байланыш - - +380 67 977 5195 (WhatsApp), info@fav-kg.com

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар