КЫРГЫЗ ЖАНА КЫТАЙ ОКУУ ЖАЙЛАРЫНЫН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ ӨНДҮРҮШ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮНҮН ИНТЕГРАЦИЯСЫН ТАЛКУУЛАШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

11 Май 2024 ж. 17:52

Көрүлдү: 548

11-майда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу кесиптик билим берүү боюнча эл аралык “Бир алкак, бир жол” форумуна катышты.

post.title

Форум Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын, кесиптик лицейлеринин жана Кытайдын колледждеринин, компанияларынын жетекчилери тажрыйба, идеялар менен алмашуусу үчүн уюштурулган. 

 “Кесиптик билим берүү биздин өлкөлөрдүн келечегин калыптандырууда негизги ролду ойнойт”, - деп баса белгиледи министрдин орун басары Расул Абазбек уулу.

Кытай Эл Республикасынын Кыргыз Республикасындагы элчилигинин кеңешчи-элчиси Ли Баоцзе кыргыз жаштарынын Кытайдын маданиятына, илимине жана технологиясына кызыгуусу өсүп жатканын белгиледи.

Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова “Кесиптик лицейлер менен бизнестин кызматташуусу” темасындагы баяндамасында форумдун катышуучуларына адистерди даярдоо системасынын жетишкендиктерин жана келечегин сунуштады.

Форумдун жүрүшүндө кыргыз жана кытай окуу жайларынын жетекчилери кызматташуу боюнча келишимдерге кол коюп, “Циньлин устаканасы” эл аралык билим берүү платформасын ишке киргизүүгө катышышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар