МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА БАЛДАРДЫН КООПСУЗДУГУ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

Автор: Борбордук аппарат

10 Май 2024 ж. 17:05

Көрүлдү: 887

10-майда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана министрдин орун басары Муратбек Касымалиев райондук, шаардык билим берүү бөлүм\башкармалыктарынын жетекчилери менен онлайн жыйын өткөрдү.

post.title

Жыйында министр ар кандай иш-чараларды билим берүү уюмдарынын аймагында гана өткөрүүнү жана балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруу керектигин айтты.


Ошондой эле Догдуркүл Кендирбаева башкармалык башчыларына 12 жылдыкка өтүү боюнча пландарын иштеп чыгууну, ар кандай акча жыйноолорду токтотууну, мектепке чейинки билим берүүнү 40% жеткирүү боюнча иштерди алып барууну, “Акыркы коңгуроо” салтанатында жана “Алтын тамга”, Жалпы республикалык тесттерин өткөрүүдө коопсуздукту кароону тапшырды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар