Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
8 Май 2024 ж. 17:41
Көрүлдү: 794
8-майда №1 кесиптик окуу жайында Петровка айылындагы Жаза аткаруу кызматы №3 мекемесинде жаза өтөп жаткан адамдар үчүн маалыматтык ресурс борбордун ачылыш аземи болуп өттү.
БУУнун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын колдоосу менен 2023-жылдын августунда Маалыматтык ресурс борбордун имараты оңдолгон. Борбордо китепкана фонду жана компьютерлер менен лекциялык залы бар.
№1 кесиптик окуу жайынын директору Тургунбек Токтосунов айтымында, борбордун колдонуучулары талап кылынган кесиптер боюнча билим алууга мүмкүнчүлүк алышат. Алар үчүн компьютерлерге билим берүү программалары орнотулат.