Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
8 Май 2024 ж. 14:29
Көрүлдү: 3853
2024-жылдын 7-майында Билим берүү жана илим министрлигинин “Жалпы республикалык тестирлөөнү өткөрүү жөнүндө” №693\1 буйругу бекиди.
Буйрукка ылайык Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүү уюмдарына тапшыра турган абитуриенттер үчүн жалпы республикалык тестирлөө 18-майдан тарта башталат.
2024-жылдын 18-майынан 25-июнуна чейинки убакыт ЖРТ өткөрүү мезгили деп белгиленип, төмөнкү мөөнөттөрдө өткөрүлөт:
17-май, 21-май, 20-июнь - тест борборлорун даярдоо күндөрү.
Эскерте кетсек, каттоого жетишпей калган бүтүрүүчүлөр үчүн 2024-жылдын 17, 21-май жана 20-июнь күндөрү тест борборлорунда кошумча каттоо жүргүзүлөт.