Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
7 Май 2024 ж. 14:33
Көрүлдү: 3371
Билим берүү жана илим министрлиги мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин бош кызмат орундарын ээлөөгө документтерди кабыл алуу башталгандыгын маалымдайт.
Талапкерлер талап кылынган документтерди 2024-жылдын 22-майы саат 18:00гө чейин өзүнүн ЖЕКЕ электрондук почтасы (башка бирөөнүн почтасынан болбойт) аркылуу тиешелүү облустун электрондук дарегине жөнөтөт:
Чүй облусу – konkurs.chui@ncokoit.kg
Баткен облусу – konkurs.batken@ncokoit.kg
Ош облусу – konkurs.osh@ncokoit.kg
Жалал-Абад облусу – konkurs.ja@ncokoit.kg
Нарын облусу – konkurs.naryn@ncokoit.kg
Талас облусу – konkurs.talas@ncokoit.kg
Бишкек шаары – konkurs.bishkek@ncokoit.kg
Ысык-Көл облусу – konkurs.ik@ncokoit.kg
Ош шаары – konkurs.g.osh@ncokoit.kg
Сынактын толук жобосу менен таанышуу үчүн – файл (пдф)
Бош орундар тизмеси - файл
Белгилей кетсек, 2024-жылдын 22-февралында “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилерин конкурстук тандоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин №79 Токтомуна кол коюлган.