10-КЛАССТЫН ОКУУЧУЛАРЫ ЖАНА ЖОЖдордун СТУДЕНТТЕРИ АРАСЫНДА СЫНАК ЖАРЫЯЛАНАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Апрель 2024 ж. 18:15

Көрүлдү: 1255

Билим берүү жана илим министрлиги жана Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматы жаштардын салык сабаттуулугун жогорулатуу максатында “Салык – мамлекеттин өнүгүшүнө салым” аталышындагы сынак жарыялайт.

post.title

Сынак жалпы билим берүү уюмдарынын 10-классынын окуучулары жана М. Рыскулбеков атындагы Кыргыз экономикалык университетинин, Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Ж.Абдрахманов атындагы мамлекеттик башкаруу академиясынын, Ош мамлекеттик университетинин, И. Ахунбаев атындагыКыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын студенттеринин арасында өткөрүлөт.
 
Сынакка катышуу үчүн 10-класстын окуучулары “Салык төлөө өлкөнүн өнүгүшүнө кандай таасир этет?” темада эссе, студенттер “Өлкөнүн өнүгүшү жана келечеги үчүн салык төлөөнүн маанилүүлүгү” темасында видеоролик даярдашы шарт. 

Бардык материалдар 27-майга чейин salykkyzmaty@gmail.com почтасы аркылуу кабыл алынат. Мындан сырткары студенттердин видеороликтери ЖОЖдордун расмий баракчаларына #salykstudent2024 (#салыкстудент2024) хэштеги менен жарыяланышы керек.

Байге фондунан жеңүүчү окуучуларга 4 смартфон, жеңүүчү студенттерге 4 iPhone жана ноутбук берилет.

Толук маалымат - https://edu.gov.kg/announcements/388/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар