НЕМИС ТИЛИ МУГАЛИМДЕРИНИН КВАЛИФИКАЦИЯСЫН ЖОГОРУЛАТУУ ЖӨНҮНДӨ МЕМОРАНДУМГА КОЛ КОЮЛДУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Апрель 2024 ж. 14:44

Көрүлдү: 1665

2024-жылдын 27-апрелинде Бишкекте Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин алдындагы Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институту менен Казакстандын Гёте-Институтунун ортосунда кызматташуу жана өз ара аракеттенүү жөнүндө Меморандумга кол коюлду.

post.title

Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчилиги немис тили мугалимдерин даярдоо системасын жакшыртууга кол коюу максатында Меморандумга негиз даярдады.

2023-жылдын 18-декабрында Берлиндеги Кыргыз Республикасынын элчилиги Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаеванын Чыгыш Европа жана Борбордук Азия өлкөлөрү менен кызматташуу бөлүмүнүн башчысы Хайке Улих менен жолугушуусун уюштурган.

Меморандум немец тилинин окутуучуларын кесиптик жактан өнүктүрүү, окутуу жана кайра даярдоо системасын жакшыртууга, окутуунун инновациялык технологияларын жана методдорун киргизүүгө, насаатчылык системасын өнүктүрүүгө, методикалык колдонмолорду басып чыгарууга боюнча биргелешкен билим берүү программаларын жана иш-чараларын өткөрүүгө багытталган.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар