Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
17 Апрель 2024 ж. 17:32
Көрүлдү: 1219
17-апрелде Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, башталгыч жана орто билим берүү мекемелеринин, Алдыңкы тажрыйба борборлорунун кызматкерлери, иш берүүчүлөр, социалдык өнөктөштөр кереге кеңеш учурунда Кара-Балта техникалык-экономикалык колледжинин аймактын экономикасын өнүктүрүүгө кошкон салымы, окуу жайдын иш берүүчүлөр жана социалдык өнөктөштөр менен өз ара байланышын жакшыртуу, валидация жана сертификациялоо маселелерин талкуулашты.
Алдыңкы тажрыйба борборлорунда долбоордун 1 млн доллар өлчөмүндөгү колдоосу менен имараттары реконструкцияланып, окуу жана өндүрүштүк жабдуулар, техника жана эмеректер менен камсыздалып, окутуучуларды даярдоого багытталган.
Долбоордун жетекчиси Нурлан Атаканов: "Алдыңкы тажрыйба борборлору өзүн гана өнүктүрбөстөн, кесиптик билим берүү мекемелерине билим берүү программаларын жакшыртуу, окутуучулардын жана мастерлердин квалификациясын жогорулатууга да көмөк көрсөтүшү керек", - деди.
Мындай кереге кеңештер Бишкек шаарында, Нарын, Ысык-Көл, Ош Жалал-Абад, Баткен облустарында дагы уюштурулат.