Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
16 Апрель 2024 ж. 17:39
Көрүлдү: 1232
Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылган «Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр» долбоорунун алкагында Бишкекте долбоордун жана Алдыңкы тажрыйба борборлорунун кызматкерлери үчүн «Окутуучулар үчүн жасалма интеллект платформасы» аталышында мастер-класс өткөрүлдү.
Мастер-класстын тренери Айсулуу Имашева: "Биз бүгүн катышучулар окуу программаларынын мазмунун, окутуу жана баалоо ыкмаларын жана кайра карап чыгышы үчүн жалпы маалымат берип, жасалма интеллект платформаларын колдонууну үйрөтүүнү максат койдук", - деди.
Мастер-класс учурунда катышуучулар пикир жана тажрыйбалары менен бөлүштү.