БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ ИШЕМБИЛИККЕ КАТЫШТЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

6 Апрель 2024 ж. 11:07

Көрүлдү: 1599

6-апрелде Билим берүү жана илим министрлигинин кызматкерлери министрдин орун басары Расул Абазбек уулунун жетекчилиги алдында К. Баялинов атындагы республикалык балдар жана жаштар китепканасынын аймагына ишембиликке чыкты.

post.title

Мында кызматкерлер китепкананын арыктарын тазалоо, өткөн жылдагы жалбырактарды чогултуу, шыпыруу иштерин жүргүзүштү.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Президентинин “2023-2025-жылдар мезгилине “Улуттук тазалык күнү жана тиричилик калдыктарын иштетүү боюнча натыйжалуу инфраструктура түзүүнүн иш-аракеттер планы жөнүндө” Жарлыгынын алкагында, “Жашыл Мурас” улуттук өнөктүгүн, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 5-апрелиндеги №71-т “Бир окуучу-бир көчөт” жыл сайын өтүүчү жалпы республикалык акцияны өткөрүү жөнүндө тескемесин жүзөгө ашыруу, ошондой эле 2024-жылдын 4-мартындагы №335/1 “Табиятты сактайлы” иш-чаралар комплексин өткөрүү жөнүндө Билим берүү жана илим министрлигинин 2024-жылдын 27-мартында №9484/1 буйругy чыккан.

#жашылилимбилим

#ЖашылМурас

#жашылбилимберүү

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар