КЫРГЫЗ ДЕЛЕГАЦИЯСЫ АВСТРИЯНЫН АДИСТЕРДИ ДАЯРДОО БОЮНЧА АЛДЫҢКЫ ТАЖРЫЙБАЛАРЫН ҮЙРӨНҮҮДӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Март 2024 ж. 16:42

Көрүлдү: 2413

17-марттан 22-мартка чейин Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу жетектеген кыргыз делегациясы Австрияда кызматташууну бекемдөө максатында Австрия Республикасынын билим берүү, илим жана изилдөө министрлигинин адистерди даярдоо саясаты менен таанышат.

post.title

Кыргыз делегациясы башкаруу жана каржылоо автономиясынын практикасын, кошумча киреше алып келүүнүн жолдорун, иш берүүчүлөр менен өнөктөштүктү, ишкерликке окутуунун заманбап ыкмаларын үйрөнүү үчүн кесиптик окуу жайларында болушту.

Иш сапардын жыйынтыгы боюнча делегация мүчөлөрү окутуунун алдыңкы программаларын Кыргыз Республикасында киргизүүсү пландаштырылууда.

Иш сапар Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында уюштурулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар