Автор: Борбордук аппарат
7 Март 2024 ж. 18:08
Көрүлдү: 958
Бүгүн, 7-мартта Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева өз ишинен айырмаланган мыкты мугалимдерге ведомстволук сыйлыктарды тапшырды.
Атап айтканда, Бишкек шаарындагы №70 мектеп-гимназиясы окуу-тарбиялык комплексинин тарых мугалими Тогжан Молдокулова менен Бишкек шаарындагы №31 мектеп-гимназиясынын кыргыз тили жана адабияты мугалими Азизат Темиркулова "Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы" менен сыйланды.
Ушул эле күнү министр өзүнүн насаатчы мугалимдери Гүлазы Бейшеналиева менен Зина Сартованы 8-март аялдардын эл аралык майрамы менен куттуктады. Устат мугалимдеринин колдоосу жана насааты менен 1996-жылы Догдуркул Кендирбаева республикада “Жылдын мыкты мугалими” наамына ээ болгон.