Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
7 Март 2024 ж. 15:12
Көрүлдү: 845
Бүгүн, 7-мартта КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаровдун катышуусунда Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылда аткарылган иштеринин жыйынтыгы жана 2024-жылга карата пландары боюнча жыйынтыктоочу коллегиялык жыйналышы өттү.
МинКаб Төрагасы Акылбек Жапаров “мектеп – таланттуу мугалим менен таланттуу окуучунун жолуккан жери” экендигин белгилеп, мектептердин жана мамлекеттин милдети - ар бир окуучуга жеке мамилени табуу менен бардык зарыл болгон ресурстарды берүү экендигин айтты.
Ошондой эле Акылбек Жапаров мектептердин имараттарын натыйжалуу пайдалануу максатында учурда бир нөөмөттө иштеген мектептерге бала бакчаларды ачууну, таланттуу мугалимдерди иштетүүгө бардык шарттарды түзүүнү, кесиптик лицейлердин мугалимдеринин билим деңгээлин жогорулатууну, университеттерде ишке ашырылып жаткан мыкты стартап идеяларды алып чыгууну, Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясында коюлган максаттарга жетүү үчүн жогорку окуу жайларды трансформациялоо зарылдыгын белгилеп, бир катар тапшырмаларды берди.