МЕКТЕП АШПОЗЧУЛАРЫН ДАЯРДООНУН ОНЛАЙН КУРСУ ПРЕЗЕНТАЦИЯЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Февраль 2024 ж. 19:37

Көрүлдү: 1233

27-февралда Бишкекте мектеп ашпозчуларын даярдоочу онлайн курсту презентациялоо боюнча тегерек стол өткөрүлдү.

post.title

Тегерек столго Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова, Мерсиконун Кыргыз Республикасындагы директору Елена Бурян, курстун авторлору жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышты.

Катышуучулар Макговерн-Доулдун “Билим үчүн жана балдардын тамактануусу” программасынын алкагында иштелип чыккан онлайн курстун артыкчылыктарын, ашпозчуларды даярдоо стандарттарын, компетенттүүлүктү тастыктоону жана текшерүүнү талкуулашты.

Башкармалык башчысы Гүлнур Мамырова кесиптик лицейлер мектеп ашканаларынын ашпозчуларын даярдоого жана квалификациясын жогорулатууга көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирип, сунуш кылынган курс №91 кесиптик лицейинде сыналганын кошумчалады.

Гүлнур Мамырова санариптештирүү  окутуунун, башкаруунун, жалпы жашоонун ажырагыс бөлүгү болуп саналарын белгилеп, андыктан онлайн курсту иштеп чыгуу, аны интернет аянтчаларында жайгаштыруу жана санариптик алып жүрүүчүлөрдө жайылтуу каалоочулардын көбүрөөк санын камтууга мүмкүндүк берерин айтты.

Ошондой эле ал “мектеп тамак-ашы пайдалуу гана болбостон, даамдуу да болушу керекдеп баса белгиледи.

Мерсиконун Кыргыз Республикасындагы директору Елена Бурян Макговерн-Доул программасынын алкагында 2026-жылга чейин болжол менен 900 мектепти ысык тамак менен камсыздоо пландалып жатканын билдирди. Программа азык-түлүк менен камсыз кылуу, мектептерди ашкана жабдуулары менен жабдуу менен бирге мектеп ашпозчуларын окутууну да камтыйт.

Белгилей кетсек, онлайн курс  https://mugalim-edu.com/course/preview.php?id=133 сайтында жеткиликтүү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар