МИНИСТР РАЙОНДУК\ШААРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БӨЛҮМДӨРҮНҮН ЖЕТЕКЧИЛЕРИ МЕНЕН МЫЙЗАМДЫН АТКАРЫЛЫШЫ БОЮНЧА ЖЫЙЫН ӨТКӨРДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Февраль 2024 ж. 19:31

Көрүлдү: 1253

27-февралда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 24-25-беренелерин аткаруу боюнча райондук\шаардык билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары менен онлайн жыйын өткөрдү.

post.title

Министр Догдуркүл Кендирбаева “Билим берүү жөнүндө” мыйзамынын 24-беренесине ылайык, жалпы билим берүү уюмдарын жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдарын аккредитациялоо ыктыярдуу түрдө жүргүзүлөрүн белгиледи. 

Ошондой эле министр аккредитациялоо көз карандысыз агенттиктер тарабынан  жүргүзүлө тургандыгын айтып, жалпы билим берүү уюмдары жана баштапкы кесиптик билим берүү уюмдары аккредитациялык агенттиктерди өз алдынча тандай тургандыгын кошумчалады. 

Буга кошумча Догдуркүл Кендирбаева аккредитациялоодон өтүү билим берүү уюмдарынын өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүлө тургандыгын жана бул үчүн эч кандай акча каражаттарын чогултпоону тапшырды. 

Мындан сырткары Догдуркүл Кендирбаева ушул эле мыйзамдын 25-беренесине ылайык, мамлекеттик үлгүдөгү документтер так отчеттуу документтер болуп саналарын белгилеп, күбөлүк, аттестаттарга бир тыйын дагы акча чогултпоо керектигин белгиледи.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар