МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА КӨЗ КАРАНДЫСЫЗ АККРЕДИТАЦИЯ ЖАНА РЕЙТИНГ АККРЕДИТАЦИЯЛЫК АГЕНТСТВОСУНУН БАШКЫ ДИРЕКТОРУ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Февраль 2024 ж. 17:42

Көрүлдү: 1127

27-февралда Билим берүү жана илим министри, Улуттук аккредитациялык кеңештин төрайымы Догдуркүл Кендирбаева Көз карандысыз аккредитация жана рейтинг аккредитациялык агентствосунун (НААР Казахстан) башкы директору Алина Жумагулова жана кеңешчиси Ольга Яновская менен жолугушту.

post.title

Министр Догдуркүл Кендирбаева билим берүү системасында сапатты камсыздоо эң негизги маселе экендигин баса белгилеп, аккредитациялоо жол-жобосу жогорку окуу жайларынын эл аралык деңгээлде, ошондой эле дүйнөлүк эмгек рынокто бүтүрүүчүлөрдүн алган дипломдорунун таанылышында  ролу чоң экендигин баса белгиледи.

Көз карандысыз аккредитация жана рейтинг аккредитациялык агентствосунун (НААР Казахстан) башкы директору Алина Жумагулова кыргыз билим берүү системасында жогорку окуу жайларын аккредитациялоо боюнча агенттиктин ишмердүүлүгү жөнүндө айтып берди. 

Жолугушуунун жүрүшүндө өлкөдөгү билим берүүнүн сапатын камсыздоого байланышкан негизги маселелер талкууланып, тараптар билим берүүнүн сапатын камсыздоо максатында тыгыз кызматташууга даяр экендиктерин белгилешти.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар