БИЛИМ БЕРҮҮ ЖАНА ИЛИМ МИНИСТРЛИГИ МААЛЫМДАЙТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

22 Февраль 2024 ж. 19:10

Көрүлдү: 776

Билим берүү жана илим министрлиги Ысык-Көл облусунун Түп районунун Сары-Булуң айылындагы Ш.Тагаев атындагы орто мектебинде 20-февралда болгон окуяга байланыштуу төмөндөгүлөрдү билдирет.

post.title

Түп райондук билим берүү бөлүмүнүн маалыматынын негизинде райондук ички иштер бөлүмүнө Э.А. аттуу жарандан 9-класстын окуучусу К.К. карата мектеп директору К.Ж. тарабынан кол көтөрүү болгону боюнча арыз түшкөнү белгилүү болду.

Директор К.Ж. түшүнүк катынын негизинде ал 20-февралда 9-класстын төртүнчү сабагына катышканы белгилүү болду. Сабакка кечигип келген К.К. тарых мугалими Н.М. менен директорго көңүл бурбай, телефонду карап, мугалимдин сабак өтүшүнө жолтоо болгон. Сабактан кийин К.К. директордун кабинетине чакырылган. Директор эмоциясын кармай албай, К.К. урганын мойнуна алды.

Учурда райондук ички иштер бөлүмү териштирүү иштерин жүргүзүүдө. Райондук билим берүү бөлүмү тергөөнүн жыйынтыгы боюнча толук маалымат берилерин билдирди.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар