РЕСПУБЛИКАЛЫК ИЛИМИЙ-ТЕХНИКАЛЫК ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

22 Февраль 2024 ж. 18:29

Көрүлдү: 1580

12-18-февраль күндөрү мектеп окуучулары үчүн республикалык Илим, техника жана өндүрүш жумалыгы өткөрүлдү.

post.title

Жумалыктын алкагында мектеп окуучулары Бишкек жана Ошто Улуттук илимдер академиясынын окумуштуулары менен жолугушуп, жогорку окуу жайлардын окутуучулары менен тегерек столдорго катышып, ишкана, фабрика, завод, устаканаларга экскурсияларга катышышты.

Ошондой эле 14-17-февралда “Илим + Ойлоп табуу = Техника!” Республикалык илимий-техникалык олимпиадасы өткөрүлдү. Олимпиадага бардык облустан 18 команда катышып, катышуучулардын иштерин калыстар тобу баалашты.

Калыстар тобунун баалоосунун негизинде илимий-техникалык олимпиаданын жеңүүчүлөрү деп табылды:

I орун

* юниор-лига  - Чүй облусунун командасы: Аалымбек Эркинов, Жумакан Ауэзханов, Адилет Исаев, Эрлан Бактыбеков, жетекчиси — Алим Туйчиев;

*мектеп лига – Баткен облусунун командасы: Сумая Абдукалакова, Арген Абдыкадыров, Актилек Эргешов, Мадумар Полотканов, жетекчиси — Таштемир Тагайбеков.

 

II орун

* юниор-лига - Жалал-Абад облусунун командасы: Бекчоро Аксамаев, Элдар Тайтокуров, Шернияз Сарыбаев, Султанбек Якубжанов, жетекчиси — Момбаев Алмазбек.

*мектеп лига -Ош шаарынын командасы: Бермет Абдрасулова, Абдулазиз Мадумаров, Айжан Акматова, Алтынбек Адылбеков, жетекчиси — Айнура Чотолоева.

 

III орун

* юниор-лига – Нарын облусунун командасы: Асылхан Эсенгулов, Назар Шейшенбеков, Бакай Суйунбаев, Ишенбек Жаныбеков, жетекчиси — Сеитов Улан;

* мектеп лига – Талас облусунун командасыСанжар Акжолов, Алишер Алымбеков, Нурбол Меделбеков, Арууке Накаева, жетекчиси — Нуржан Тайтелиев.

Билим берүү жана илим министрлиги жана “Алтын түйүн” Улуттук балдар инженердик-техникалык академиясы мектеп окуучуларын илимий изилдөө жана өндүрүш менен тааныштыруу, аларды STEM предметтерин үйрөнүүгө жана техникалык кесиптерге кызыктыруу максатында 16 жылдан бери Республикалык илим, техника жана өндүрүш жумалыгын өткөрүп келет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар