“ОКУЙБУЗ, ЖАРАТАБЫЗ, ИЗИЛДЕЙБИЗ!” РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАГЫНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ АНЫКТАЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

21 Февраль 2024 ж. 14:15

Көрүлдү: 1890

2024-жылдын 19-20-февралында 1-6 класстардын арасында өткөрүлгөн “Окуйбуз, жаратабыз, изилдейбиз!” Республикалык сынагынын финалында Бишкек шаарындагы жана Баткен, Ысык-Көл, Талас, Жалал-Абад облустарындагы мектептердин командалары тарабынан аткарылган 10 иш жеңүүчү деп табылды.

post.title

Быйылкы сынак “Мен жана менин дүйнөм” (1-2-класстар), “Көп улуттуу Кыргызстандын элдеринин маданияты” (3-4-класстар) жана “Жердин биологиялык ар түрдүүлүгүн сактайбыз” (5-6-класстар) багыттарында болду. Бул багыттардын алкагында долбоорду жетектеген мугалим менен окуучулар өздөрү биргелешип тандаган темалар боюнча долбоордук иштерди сунушташты.

Сынактын республикалык деңгээлине ар бир облустан сынакка сунушталган 2 миң 501 изилдөө долбоор иштеринин 36сы тандалып алынган.

Калыстар тобу сынакты өткөрүү жобосунда бекитилген критерийлердин негизинде иштерди карап чыгып, ар бир курактык топ боюнча жеңүүчүлөрдү аныктады.

“Мен жана менин дүйнөм” багытында 1-2-класстар арасында жеңүүчүлөр:

I орун – Бишкек шаары, №86 орто мектеби, “Ачуу таякчалар (Снектер)” иши;
II орун – Жалал-Абад облусу, Ала-Бука району, №29 Ынтымак орто мектеби, “Бал аарылар дүйнөнүн түркүгү” иши;
III орун – Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары, №2 Кыргызстандын 50 жылдыгы атындагы орто мектеби, “Мультфильмдердин балдарга тийгизген таасири” иши.

“Көп улуттуу Кыргызстандын элдеринин маданияты” багытында 3-4-класстар арасында жеңүүчүлөр:

I орун – Талас облусу, Талас району, М.Туйтунов атындагы орто мектеби, “Чийдин турмуш тиричиликтеги орду” иши;
II орун – Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары, №1 Карбышев атындагы орто мектеби, “Оймолор”(орнаменты) иши;
III орун – Ысык-Көл облусу, Ысык- Көл району, Бает орто мектеби, “Кыргыз элинин чий чырмоо өнөрү” иши;
III орун – Талас облусу, Бакай-Ата району, Т.Чолушев атындагы орто мектеби, “Бешик-наристенин ден соолугунун мыкты кепилдиги” иши.

“Жердин биологиялык ар түрдүүлүгүн сактайбыз” багытында 5-6-класстар арасында жеңүүчүлөр:

I орун – Баткен облусу, Кызыл-Кыя шаары, И.Раззаков атындагы мектеп-гимназиясы, “Топурактын курамы” (состав почвы) иши;
II орун – Ысык-Көл облусу, Ак-Суу району, Ж.Ашубаев атындагы Маман орто мектеби “Чопо топурак” иши;
III орун – Бишкек шаары, №88 орто мектеби, “Желим баштыкчасыз – биздин жашоо” иши.

Мындан сырткары өзгөчө идеясы жана практикалык мааниси менен айырмаланган 6 изилдөө долбоору атайын номинациялар менен сыйланды:

  • “Экологиялык долбоор” номинациясы – Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинин “Ак илбирстин изи менен” (по следам снежного барса) изилдөө долбоору жана Ош шаарындагы №17 Ю.Гагарин атындагы мектеп-гимназиясынын “Кантип макулатурадан кагаз жасоо керек” (как изготовить бумагу из макулатуры) изилдөө долбоору;
  • “Чыгармачыл долбоор” номинациясы –  Бишкек шаарындагы №65 экологиялык-экономикалык лицейи “Сыйкырдуу кийиз” (волшебный войлок) изилдөө долбоору;
  •  “Жаш изилдөөчү” номинациясы – Жалал-Абад облусунун Токтогул шаарындагы №14 Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебинин “Гүл азык даярдоо” изилдөө долбоору;
  • “Дени сак жашоо долбоору” номинациясы – Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Н.Кармышев атындагы орто мектебинин “Талкандын ден соолукка тийгизген пайдасы” изилдөө долбоору;
  • “Инновациялык долбоор” номинациясы – Талас облусунун Айтматов районундагы Керимбай атындагы Кайнар орто мектебинин “Сууну табигый жол менен тазалоо” изилдөө долбоору.

Белгилей кетсек, окуучулардын окуу, маалыматтык жана изилдөө компетенттүүлүгүн жана чыгармачылык дараметин өнүктүрүү максатындагы сынак жыл сайын USAIDдин “Окуу керемет!” долбоорунун колдоосу менен Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан өткөрүлүп келет.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар