МУГАЛИМДЕРДИН АЛГАЧКЫ ЫКТЫЯРДУУ АТТЕСТАЦИЯСЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

20 Февраль 2024 ж. 18:46

Көрүлдү: 2490

2024-жылдын 17-февралында Бишкек жана Ош шаарларында педагогдорду ыктыярдуу аттестациялоонун экинчи этабы – тестирлөө жүргүзүлдү. Тестирлөөгө аттестациялоонун биринчи этабында эксперттик комиссиянын жыйынтыгы менен документтери квалификациялык категорияларга ылайыктуу деп табылган 57 мугалимдин 56сы катышты.

post.title

Анын ичинен Бишкек шаарынан – 1, Ош шаарынан – 8, Баткен облусунан – 2, Жалал-Абад облусунан – 15, Ысык-Көл облусунан – 3, Талас облусунан – 4, Ош облусунан - 21, Чүй облусунан – 2 педагог катышты.

Тестирлөөнүн жыйынтыгында Баткен облусунун Кара-Токой мектеп-гимназиясынын орус тили сабагынын мугалими Нургүл Маманазарова биринчилерден болуп  “Экинчи квалификациялык категориядагы мугалим” даражасын тастыктады. Ал эми катышкан калган мугалимдер ар бир бөлүктө 50% дан жогору баа алышты, бирок бул максималдуу упай топтоого жетишсиз.  

Тестирлөө Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору тарабынан уюштурулуп, жүргүзүлдү.

Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык техналогиялардын улуттук борбору ыктыярдуу аттестациялоого биринчилерден болуп катышкан мугалимдерге ыраазычылык билдирет, бул алар үчүн алгачкы тажрыйба болду.

Маалымат үчүн: Ыктыярдуу аттестациялоонун биринчи этабына катышуу үчүн республика боюнча 313 мугалим документ тапшырган. Анын ичинен жогорку квалификациялык категорияга – 130 мугалим, биринчи квалификациялык категорияга – 100,  экинчи квалификациялык категорияга – 83 арыз берген.

Белгилей кетсек, мугалимдер төмөнкү квалификациялык категорияларды алуу үчүн ыктыярдуу негизде аттестациядан өтүүгө укуктуу:

-  экинчи квалификациялык категориядагы мугалим;

-  биринчи квалификациялык категориядагы мугалим;

-  жогорку квалификациялык категориядагы мугалим.

 

Педагогдорду ыктыярдуу аттестациялоо боюнча ченемдик-укуктук актылар жана усулдук материалдар менен төмөнкү шилтеме аркылуу таанышууга болот:

https://ncokoit.kg/index.php?page=90

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар