АПТА ИЧИНДЕГИ ЖОЖ ЖАҢЫЛЫКТАРЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Февраль 2024 ж. 17:56

Көрүлдү: 798

ДАЙДЖЕСТ

post.title

1. И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университети аймактык 5 колледждин окутуучулары үчүн “Frontend негиздери жана и Backend иштеп чыгуучу” программасы боюнча квалификацияны жогорулатуу курстарын өткөрдү.

2. И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин студенттери “Ноокат Билимканасы” жатак-лицейине практика өтүүгө барышат.

3. Ош технологиялык университети Баткендеги Кадамжай сурма комбинаты жана Айдаркен шаарындагы сымап комбинаты менен кызматташат. Студенттерге теориялык билимдерин өндүрүштүк практика менен айкалыштырууга жана жумуш менен камсыз болууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.

4. Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде студенттер жана кесипкөйлөр үчүн башталган Хакатонго Кыргызстандын 12 жогорку окуу жайынан 25 команда катышууда.

5. И.Арабаев атындагы КМУнун табигый илимдер жана туризм институтунун окутуучулары Казакстандын Алматы гуманитардык-экономикалык университетинин профессордук-окутуучулук курамына жана студенттерине 3 багытта конок-лекцияларды окушту.

6. Кореянын Кодже университетинин делегациясы Ош мамлекеттик университетине иш сапар менен келип, анда тараптар билим берүү, академиялык мобилдүүлүк,  эл аралык байланыштар боюнча эки тараптуу кызматташууну талкуулашты.

7.Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде студенттер арасында “Дени сак студент -күчтүү муундун негизи” аталышында шамдагайлар таймашы уюштурулуп, жеңүүчүлөргө акчалай сыйлыктар тапшырылды.

8. Кыргыз-Түрк “Манас” университети “2024 Жибек жолу Түркиялык университеттер” билим берүү жарманкесине катышты.

9. Ош мамлекеттик педагогикалык университетинин колледжи Билим берүү программаларын жана уюмдарын аккредитациялоо агенттиги тарабынан орто кесиптик билим берүү боюнча беш багытта аккредитациялоодон ийгиликтүү өттү.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар