ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ КАРАТА БИР КАТАР БИЛИМ БЕРҮҮ КЫЗМАТКЕРЛЕРИ СЫЙЛАНДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Февраль 2024 ж. 15:40

Көрүлдү: 927

Бүгүн, 16-февралда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 21-февраль - Эл аралык эне тил күнүнө карата уюштурулган иш-чарага министрдин орун басары Расул Абазбек уулу катышып, эне тилди кадырлоо, барктоо менен кошо чет тилдерди үйрөнүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

post.title

“Биздин бүгүнкү ааламды көздөй кеткен жолубуз англис тили менен улантылууда. Дүйнөдө 90%дан ашуун социалдык багыттагы маалыматтар англис тилинде чыгат. Ар бир тилге астейдил мамиле кылып, кадырлаганды үйрөнөлү. Кыргызстанда 120дан ашуун улут жашайт. Биз көп түрдүүлүгүбүз жана эркиндигибиз менен мактанышыбыз керек”, - деди өз сөзүндө Расул Абазбек уулу.

Министрдин орус басары Эл аралык эне тил күнүнө карата мамлекеттик тилди өнүктүрүүгө жана кыргыз тилин окутууну санариптештирүү жаатында салым кошуп келе жаткан мугалимдерге жана бир катар билим берүү кызматкерлерине министрликтин Ардак грамотасын жана Ыраазычылык баракчасын тапшырды.   

Алар:

  • Жунусалиев Касымбек – “Креатив-таалим” билим берүү мектебинин мугалими;
  • Маматаева Динара – Сокулук районунун Краснооктябрск орто мектебинин мугалими;
  • Тагайбек кызы Гүлнура – Чыңгыз Айтматов атындагы инновациялык окуу-тарбия комплекс-лицейинин кыргыз тили мугалими;
  • Анарбекова Гүлүмкан – Бишкек шаарындагы №71 мектеп-интернатынын мугалими;
  • Балтабаева Чынара – Бишкек шаарындагы №38 мектеп-гимназиясынын мугалими;
  • Ишеналиева Чолпон – Бишкек шаарынын Ленин райондук билим берүү борборунун мамлекеттик тил адиси;
  • Асанова Венера – Сокулук райондук билим берүү бөлүмүнүн мамлекеттик тил боюнча адиси;
  • Талайбеков Бактыбек – Ысык-Ата райондук билим берүү борборунун кызматкери;
  • Бийик Рыскулов – КР БИМдин Республикалык экология, аймак таануу жана туризм борборунун жетекчиси.

Белгилей кетсек, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамын жана “Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашыруу, Бириккен Улуттар Уюмунун жана ЮНЕСКОнун чечиминин негизинде Кыргызстанда жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу максатында Министрликтин 2024-жылдын  6-февралында №182/1 буйругу чыгып, иш-чаралар планы бекитилген.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар