КЕЧКИ ЖАНА СЫРТТАН ОКУУ БОЮНЧА КОНФЕРЕНЦИЯ ӨТКӨРҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

16 Февраль 2024 ж. 14:38

Көрүлдү: 1913

15-16-февралда Билим берүү жана илим министрлигинде “Күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан окуу билим берүү уюмдарынын окуу шарттарында социалдык-өнүктүрүү чөйрөсүн түзүү. Көйгөйлөр жана чечүү жолдору” темасында конференция өткөрүлдү.

post.title

Министрдин орун басары Мурат Касымалиев алдыга коюлган перспективдүү иш пландарды ашыруу жана ченемдик-укуктук актылардын иретке келтирүү боюнча сөз сүйлөдү.

Министрликтин мектептик, мектептен тышкаркы жана кошумча билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Салтанат Өмүрканова “Күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан окуу билим берүү уюмдарынын учурдагы абалы. Жетишкендиктери жана көйгөйлөрү” темасында презентацияда жасады.

Конференциянын жүрүшундө күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан окуу билим берүү уюмдарынын окуучу, ата-эне жана долбоорлор иштөөсү тууралуу презентациялар жасалып, алардын ченемдик-укуктук актылар менен иштөөсүнө анализ жүргүзүлүп, КР Министрлер Кабинетинин “Күндүзгү-сырттан (кечки) жана сырттан окуу билим берүү уюмдарынын Типтүү жобосун бекитүү жөнүндө” токтомунун долбоору талкууланды.

Конференцияга кечки жана сырттан окуу формаларында окуу процессин уюштурган жалпы билим берүү уюмдарынын жетекчилери катышты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар