“КЕЛЕЧЕК МУУНДУН БИЛИМИ” ДОЛБООРУ СТАРТ АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Февраль 2024 ж. 18:09

Көрүлдү: 2095

15-февралда И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинде англис тилин билүү деңгээлин жогорулатууга жана STEM билим берүүнү өнүктүрүү үчүн инновациялык окутуу ыкмаларын колдонууга багытталган “Келечек муундун билими” (Next Generation Education) долбоорунун расмий ачылыш жана англис тили мугалимдеринин Улуттук олимпиадасынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү.

post.title

Аземге билим берүү жана илим министринин орун басары Мурат Касымалиев, Кыргыз Республикасындагы АКШ элчилигинин маданият жана билим берүү боюнча кеңешчиси Джефф Бантинг, англис тили мугалимдеринин Улуттук олимпиадасынын жеңүүчүлөрүнө сыйлыктарды тапшырышты. 

Мурат Касымалиев “Келечек муундун билими” долбоору заманбап дүйнөнүн талаптарына жооп берген билим берүүнүн сапатын камсыздоодо маанилүү экенин белгилеп, мугалимдеринин кесиптик деңгээлин жогорулатууга багытталган демилгени колдоп, ишке ашырып жаткандыгы үчүн АКШ элчилигине жана “Лингва” коомдук фондуна  ыраазычылык билдирди.

Аталган долбоордун алкагында Кыргызстандын бардык облустарынан 1200дөн ашуун англис тили жана так илимдер предметтеринин мугалимдери 2024-жылдын февралынан декабрына чейин англис тилин жана заманбап окутуу ыкмаларын колдонууну өркүндөтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар