МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА СЕРТИФИКАЦИЯЛОО ЖАНА ВАЛИДАЦИЯЛОО МЕХАНИЗМДЕРИН ИШТЕП ЧЫГУУНУ ТАПШЫРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

15 Февраль 2024 ж. 16:48

Көрүлдү: 966

Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева 15-февралда “Компетенцияларды сертификациялоо жана валидациялоо: эмгек рыногунун жаңы мейкиндиктери” форумунун ачылышында өлкө экономикасынын мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүдө жана өнүктүрүүдө кесиптик билим берүүнүн ролун белгиледи.

post.title

“Бүгүн дүйнөнүн рыногу ачылууда... Биз жаңы кесиптерге ээ болуу үчүн билим берүүнү реформалоого даярбызбы? Валидациялоо жана сертификациялоо системасын өнүктүрүү чөйрөсүндөгү улуттук жана эл аралык контекстти, практиканы колдонуп, өзгөртүүгө кызыкдар тараптарды талкууга чакырам жана механизмдерди иштеп чыгууну тапшырам”, - деди министр.

Билим берүү жана илим министринин орун басары Расул Абазбек уулу “Кыргыз Республикасында квалификациялардын улуттук системасын өнүктүрүү: жаңы ыкмалар жана инновациялар” темасындагы презентацияда сертификациялоо эмгек рыногунун суроо-талаптарын канааттандырууга жана чыгымдарды азайтууга мүмкүндүк берерин айтты.


Форумга ошондой эле Экономика жана коммерция министринин биринчи орун басары Чоро Сейитов, Эмгек, социалдык өнүктүрүү жана миграция министринин биринчи орун басары Нурдөөлөт Базарбаев, Соода-өнөр жай палатасынын президенти Темир Сариев жана эл аралык уюмдардын, долбоорлордун өкүлдөрү, жогорку окуу жайлардын, кесиптик билим берүү мекемелеринин окутуучулары катышты.   

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар