ОШТО ЭНЕ ТИЛ КҮНҮН УТУРЛАЙ ТЕГЕРЕК СТОЛ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

14 Февраль 2024 ж. 18:20

Көрүлдү: 521

13-февралда Ош билим берүү институтунда «21-февраль – Эл аралык эне тил күнүн» утурлай «Эне тил жана жасалма интеллект – учур талабы» аталышында тегерек стол болуп өттү.

post.title

Иш-чарага Ош билим берүү институтунун кызматкерлери, ошондой эле облустун ар кайсы райондорунан келген 27 мугалим катышкан.

Тегерек столдогу талкууда жасалма интеллекттин күнгөй-тескейи, анын кайсы кесиптерди алмаштырышы мүмкүн экендиги, кыргыз тили жана адабиятын окутууда кантип колдонуу керектиги боюнча суроолор, ой-пикир, сунуштар ортого салынды. Катышуучулар тегерек столду жыйынтыктап жатып жасалма интеллектти учур талабына ылайык муктаждыкты чечүүдө ыктуу колдонуу зарыл экенин баса белгилешти.

Эске сала кетсек, аталган иш-чара Билим берүү жана илим министрлигинин Эл аралык эне тил күнүн белгилөө жөнүндө буйругунун негизинде уюштурулуп өткөрүлдү.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар