МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЖАКЫНКЫ ЧЫГЫШ ТЕХНИКАЛЫК УНИВЕРСИТЕТИНИН РЕКТОРУ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

9 Февраль 2024 ж. 18:25

Көрүлдү: 1850

2024-жылдын 8-февралында Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Түркия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Анкара шаарындагы Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин ректору Мустафа Вершан Көк менен жолугушту.

post.title

Тараптар Кыргыз Республикасынын ЖОЖдору менен Жакынкы Чыгыш техникалык университетинин (ODTU) ортосундагы кызматташуунун келечегин, анын ичинде алдыңкы тажрыйба алмашуу, илимий изилдөөлөрдү уюштуруу, студенттер үчүн академиялык мобилдүүлүк программалары, илимий долбоорлорду каржылоо үчүн биргелешкен илимий фонд түзүү маселелерин талкуулашты.

Катышуучулар эки өлкөнүн студенттеринин кесиптик өнүгүүсү үчүн максималдуу мүмкүнчүлүктөрдү камсыз кылуу боюнча милдеттенмелерин билдиришти.

Маалымат үчүн: Жакынкы Чыгыш техникалык университети QS эл аралык рейтингинде Түркия Республикасынын университеттеринин арасында лидер болуп саналат. Бул окуу жайда 94 өлкөдөн келген студенттер билим алышат. Окутуу англис тилинде гана жүргүзүлөт. Ага архитектура факультети, искусство жана илимдер факультети, экономикалык жана административдик илимдер факультети, педагогика факультети, инженердик факультети кирет. Университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн 68,3% ы  PhD даражасын жакташат. Жакынкы Чыгыш техникалык университети продукциясынын экспорту 3 млрд. долларга жеткен Түркияда биринчи технополисти уюштурган.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар