Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
9 Февраль 2024 ж. 17:59
Көрүлдү: 2357
Билим берүү жана илим министрлиги Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы Элчилиги тарабынан уюштурулган “Кытай кыялын көздөй” аттуу үчүнчү стипендиялык программасына каттоо башталганы тууралуу маалымдайт.
Катталуу 8-февралдан 20-февралга чейин жүрүп, тандоодон кийин оозеки сынак өткөрүлөт жана оозеки сынактын убактысы кошумча билдирилет.
Керектелүүчү документтер:
1. Окуган жеринен аныктама (справка), орто мектептин мөөрү басылган баракча (9-11-класстар);
2. Арыздын формасы, тиешелүү сертификаттар (формага тиркелет);
3. Кытайда окуу планы.
Кошумча маалымат алуу жана документтерди жиберүү үчүн: тел: +996 550 604 431 (W/A) Бурул ,+996550122201 Элмира, b.sakimbaeva@gmail.com
Жарыя - https://edu.gov.kg/announcements/343/