МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ТҮРКИЯ МЕНЕН БАШТАЛГЫЧ КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДА КЫЗМАТТАШУУНУ ТАЛКУУЛАДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

9 Февраль 2024 ж. 17:02

Көрүлдү: 1926

8-февралда Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Түркия Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Анкарадагы Ankara Olgunlaşma Enstitüsü окуу жайынын жетекчилиги менен жолугушту.

post.title

Тараптар башталгыч кесиптик билим берүү тармагындагы жемиштүү өз ара аракеттенүүнүн багыттарын талкуулашты. Министр Догдуркүл Кендирбаева Ankara Olgunlaşma Enstitüsü менен тажрыйба жана алдыңкы ыкмаларды алмашууга кызыкдар экенин билдирди.

Институттун кызматкерлери меймандарды устакана менен музей менен тааныштырышты.

Маалымат үчүн:

Ankara Olgunlaşma Enstitüsü окуу жайы
аялдарды кесиптик окутууга, алардын социалдык абалын жогорулатууга, улуттук экономиканы өнүктүрүүгө катышуусуна багытталган. Ал Түркиянын улуттук кийимдеринин жана прикладдык искусствосунун жаңы үлгүлөрүн изилдөө, өнүктүрүү жана көрсөтүү, Анадолу маданиятынын салттарын кийинки муундар үчүн сактоо менен алектенет.

Ankara Olgunlaşma Enstitüsü тарыхый жана көркөм кийимдердин, куурчактардын, зергер буюмдардын коллекциялары менен Түркияда гана эмес, бүткүл дүйнөгө таанымал. Анын бүтүрүүчүлөрү эки жылдык окуудан кийин сертификатка ээ болушат жана алар дизайн тармагында  суроо-талапка ээ.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар