ТҮРКИЯ РЕСПУБЛИКАСЫ МЕНЕН БИЛИМ БЕРҮҮ ТАРМАГЫНДАГЫ КЫЗМАТТАШТЫК БЕКЕМДЕЛЕТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

9 Февраль 2024 ж. 10:56

Көрүлдү: 828

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жана Түркия Республикасынын Улуттук билим берүү министри Юсуф Текин эки өлкөнүн билим берүү тармагындагы кызматташтыгынын негизги аспектилерин талкуулашты.

post.title

Эки тараптуу жолугушуу 2024-жылдын 8-февралында Түркия Республикасынын борбору Анкара шаарында өттү.

Тараптар учурдагы Кыргыз Республикасы менен Түркия Республикасынын ортосундагы билим берүү тармагындагы Макулдашууну жаңылоонун келечегин талкуулашты. Ошондой эле билим жана маданий алмашууну бекемдөө максатында Ван провинциясынын Улуу Памир айылына мугалимдерди жиберүү жөнүндө Протоколго кол коюунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Мындан сырткары жолугушууда тараптар сапаттуу билим берүүнү камсыз кылуу үчүн STEM предметтеринин (илим, технология, инженерия, математика) мугалимдерин кайра даярдоо программаларын активдүү колдоого жана өнүктүрүүгө даяр экендиктерин билдиришти.

Жолугушуунун соңунда тараптар эмгек рыногунун керектөөлөрүнө жооп берген жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо максатында эки өлкөнүн кесиптик-техникалык билим берүү мекемелеринин ортосундагы кызматташтыкты активдештирүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, талкууланган демилгелерди ийгиликтүү ишке ашырууга жана билим берүү тармагында жемиштүү кызматташууну улантууга ишеним артарын билдиришти.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар