ЭЛ АРАЛЫК ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ ИШ-ЧАРАЛАР ПЛАНЫ БЕКИДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

8 Февраль 2024 ж. 17:41

Көрүлдү: 4230

Билим берүү жана илим министрлигинин “Эл аралык эне тил күнүн белгилөө жөнүндө” жөнүндө буйругу чыгып, ага ылайык иш-чаралар планы бекиди.

post.title

Буйрук “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” конституциялык Мыйзамын жана “Кыргыз жараны” концепциясын ишке ашыруу, Кыргыз Республикасынын Бириккен Улуттар Уюмунун жана ЮНЕСКОнун чечиминин негизинде Кыргызстанда жашаган улуттардын ынтымагын бекемдөө, алардын эне тилин, маданиятын жайылтуу жана 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүн белгилөө максатында чыкты.

Буйрукка ылайык, Бишкек, Ош шаардык билим берүү башкармалыктары, райондук\шаардык билим берүү бөлүмдөрү, бала бакча, мектеп, башталгыч, орто жана жогорку кесиптик окуу жайлары Эл аралык эне тил күнүнө карата арналган иш-чараларды 2024-жылдын 7-февралынан 15-февралына чейин өткөрүүгө тийиш. Буга кошумча билим берүү уюмдарында өткөрүлгөн бардык иш-чаралар #энетилдижайылтуу #эларалыкэнетилкүнү хэштегдери менен социалдык баракчаларга жайгаштырылуусу зарыл.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 16-февралында Сейтек” улуттук балдар чыгармачылык борборунда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Эл аралык эне тил күнүнө карата салтанаттуу иш-чара өткөрүлөт. Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиясы 21-февраль – Эл аралык эне тил күнүнө карата “Эне тил жана жасалма интеллект: учурдун талабы” иш-чарасын өткөрөт.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар