РОБОТОТЕХНИКА БОЮНЧА МЕКТЕП ОКУУЧУЛАРЫНЫН “STEM FIRST” БИРИНЧИ УЛУТТУК ОЛИМПИАДАСЫ ӨТТҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

6 Февраль 2024 ж. 11:09

Көрүлдү: 683

2024-жылдын 4-февралында Билим берүү жана илим министринин орун басары Лира Самыкбаева Бишкекте өткөн робототехника боюнча мектеп окуучуларынын “STEM FIRST” биринчи улуттук олимпиадасынын сыйлоо аземине катышты.

post.title

Аталган олимпиадага Кыргызстандын мектептеринен 6 жаштан 16 жашка чейинки 160 окуучу катышты. Олимпиаданын жүрүшүндө кызыктуу робот мелдештери жана көрсөтмө оюндар өткөрүлүп, ар түрдүү категориядагы командалар инновациялык долбоорлорду презентациялашты жана коргошту.

Улуттук олимпиаданын 6 жаштан 10 жашка чейинки катышуучулары FIRST LEGO League Explore категориясында, 10 жаштан 16 жашка чейинкилер FIRST LEGO League Challenge категориясы боюнча катышышты.

FIRST LEGO League Explore категориясында Шопоков шаарындагы №1 мектеп-гимназиясынын “Шумкар” командасы жеңсе, FIRST LEGO League Challenge категориясы боюнча Кыргыз-Швед математика мектебинин (KSMS) командасы жеңүүчү аталды. 

Олимпиаданын негизги максаты - технологиялык жана инновациялык сабаттуулукту өркүндөтүү, сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүү, окуучулардын программалоо көндүмдөрүн жана чыгармачылыгын өнүктүрүү, ошондой эле Кыргыз Республикасында STEM мектеп жамаатын түзүү.

Белгилей кетсек, олимпиада КР Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Европа Биримдигинин жана “Маариф” билим берүү комплексинин колдоосу менен уюштурулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар