АЛМАШТЫРУУЧУ МУГАЛИМДИН САБАК ЖҮКТӨМҮН ӨЗГӨРТҮҮ БОЮНЧА МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ КҮЧҮНӨ КИРДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

5 Февраль 2024 ж. 16:41

Көрүлдү: 1449

Министрлер Кабинетинин Төрагасы “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 30-мартындагы №181 “Билим берүү системасынын педагогикалык жана айрым категориялардагы кызматкерлерине эмгек акы төлөөнүн шарттары жөнүндө” токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу” 2024-жылдын 23-январында №17 Токтомго кол койду.

post.title

Токтом иштин натыйжалуулугун жана сапатын жогорулатууга, билим берүү уюмдарынын кызматкерлерине материалдык дем берүүгө жана шарттарды түзүүгө багытталган.  

Токтом Билим берүү системасынын кызматкерлеринин педагогикалык жана айрым категорияларынын эмгек акысы жөнүндө Жобонун 28-пунктунун 40-абзацынын жаңы баяндалышын карайт. Атап айтканда, “жалпы билим берүү уюмунун алмаштыруучу мугалиминин сабак берүү жүктөмү алмаштырууну эске алуу менен 1-4-класстарда жумасына 32 сааттан, 5-11-класстарда – жумасына 36 сааттан ашпоого тийиш”.

Белгилей кетсек, Токтом “Эркин Тоо” гезитине  2024-жылдын 26-январында жарыяланган. Ал расмий жарыяланган күндөн тартып 10 күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар