34 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙ ЖАНА КОЛЛЕДЖ КОМПЬЮТЕРДИК ТЕХНИКА МЕНЕН КАМСЫЗ БОЛУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

5 Февраль 2024 ж. 14:20

Көрүлдү: 1810

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Азия өнүктүрүү банкынын колдоосунда ишке ашырылып жаткан “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдүү өсүү үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында, 2024-жылы 34 башталгыч жана орто кесиптик билим берүү мекемелерин жана Республикалык илимий методикалык борборду 695 142 АКШ доллары өлчөмүндөгү компьютердик техника менен камсыз кылат.

post.title

20 билим берүү мекемесинде компьютердик класс жана конференц зал, 7 кесиптик лицейде компьютердик класс толугу менен заманбап техника менен жабдылат. Ал эми 8 Алдыңкы тажрыйба борборуна жарым өнөр жай 3D-принтер сатып алынат.

Жана аталган окуу жайлардын окутуучулары үчүн жаңы жабдуулар менен колдонуу боюнча окутуу уюштурулат.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар