КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН КЫТАЙДЫН ЖОГОРКУ ОКУУ ЖАЙЛАРЫ КРЕАТИВДҮҮ ИНДУСТРИЯ ЖААТЫНДА КЫЗМАТТАШУУНУ МЕРЧЕМДӨӨДӨ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

2 Февраль 2024 ж. 16:04

Көрүлдү: 627

Кыргыз делегациясынын Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Шэньси провинциясынын аялдар федерациясынын төрагасы Ли Цин жана арт-дизайнер Фан Яньян менен жолугушту.

post.title

Тараптар Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын жогорку окуу жайларынын креативдүү индустрияны өнүктүрүүгө катышуусун талкуулашты.

Тактап айтканда, делегация мүчөсү, К.Карасаев атындагы Бишкек мамлекеттик университетинин проректору Гүлзат Исаматова менен арт-дизайнер Фан Яньянь арт көргөзмөсүн уюштуруу мүмкүнчүлүгүн карашты.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар