УНИВЕРСИТЕТТЕРДИН ӨНҮГҮҮСҮНӨ ЖОЛ АЧКАН – ӨЗГӨЧӨ МАКАМ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

1 Февраль 2024 ж. 19:46

Көрүлдү: 1232

Президент Садыр Жапаровдун Жарлыгы менен 2022-жылы мамлекеттик беш жогорку окуу жайга өзгөчө макам ыйгарылып, аларга бир катар жогорку окуу жайлар бириктирилди.

post.title

#отчет3жылга#билимберүү

Кеңири уюштуруучулук, финансылык жана академиялык автономияны берүүнү караган өзгөчө макам Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетине, И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине, К.И. Скрябин атындагы Кыргыз улуттук агрардык университетине, И.К. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекевузттик медициналык академиясына жана Ош мамлекеттик университетине берилди.

Кыргыз улуттук университетине Кыргыз мамлекетик юридикалык университети кошулса, Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине Кыргыз мамлекеттик курулуш, транспорт жана архитектура университети менен Геология университети бириктирилип, Ош мамлекеттик университетине Ош юридикалык институту берилди.

Мындан тышкары Кыргыз экономикалык университетине “изилдөөчү университет” деген макам ыйгарылып, ага Бишкектеги финансы техникуму менен Бизнес жана социалдык өнүгүү академиясы кошулду.

Бир жыл ичинде өзгөчө макамга ээ болгон университеттердин арасынан Кыргыз мамлекеттик техникалык университети менен Кыргыз улуттук университетинин бюджети 1 млрд сомго чейин көтөрүлсө, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы бюджетин 1 млрд 400 млн сомго жогорулатты.

Академиялык эркиндик алган 5 жогорку окуу жайга университеттердин мектептерге насаатчылыгы боюнча мектептер бекитилип берилди. Бул жалпы билим берүүчү мектептердин потенциалын жогорулатуу, жогорку окуу жайлар менен тыгыз өнөктөштүктө окутуунун натыйжаларын жакшыртуу максатында уюштурулду.

Эл аралык рейтингде Кыргыз мамлекеттик техникалык университети Азиядагы 856 университеттин ичинен “351-орунду ээлеп, мыктылардын катарына кирсе, Ош мамлекеттик университети Евразиялык билим берүү мейкиндигиндеги ЖОЖдордун эл аралык рейтингинде алдыңкы үчтүккө кирди.

Ал эми Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясы Хирш индекси боюнча Кыргызстандын Улуттук рейтингинде топ-5ке кирди. Ошондой эле илимий потенциалдын лидерлеринин рейтингинде Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын арасында 1-орунду ээледи.

2023-жылы Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз Республикасынын ЖОЖдорунун Консорциуму менен Elsevier B.V. компаниясынын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө Меморандумга кол коюп, анын натыйжасында Ош мамлекеттик университетинде жана Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинде “Scopus Research Hub” аймактык ресурстук борборлору ачылды.

Консорциумга кирген 17 жогорку окуу жай Scopus эл аралык илимометрикалык базасына кошулду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар