КЕСИПТИК ЛИЦЕЙЛЕРДИН 40%ы ДУАЛДЫК ОКУТУУНУ КИРГИЗИП, ОКУУ МӨӨНӨТҮ 3 ЖЫЛДАН 2 ЖЫЛГА КЫСКАРДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

31 Январь 2024 ж. 18:10

Көрүлдү: 1273

Эгерде 2021-2022-окуу жылында 99 кесиптик лицейде 34 миң 39 окуучу билим алса, учурда 100 кесиптик лицейде 31 миң 600 бала окуйт.

post.title

#отчет3жылга#билимберүү

2023-жылы №99 кесиптик лицейине Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу №99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейи өзгөчө статусу ыйгарылды.

2022-жылы башталгыч кесиптик билим берүүнүн мамлекеттик билим мамлекеттик билим берүү стандартынын Макети жаңыртылды. Ага ылайык, көпчүлүк адистиктер боюнча окуу мөөнөтү 3 жылдан 2 жылга чейин кыскартылды.

2021-жылы лицейлердин 11% ы окууну жумуш ордунда практика менен айкалыштырган дуалдык окутууну киргизди. 2022-жылы кесиптик лицейлердин 20%ы, 2023-жылы 40%ы дуалдык окутууну киргизди. Учурда окутууга 80 иш берүүчү уюм тартылган, анын ичинде “Кыргызтекстиль”, “Технопремьер”, “Дастан” сыяктуу компаниялар бар.

2022-жылы башталгыч кесиптик билим берүү системасын санариптештирүү “Абитуриент онлайн” маалыматтык системасын колдонуу менен кесиптик лицейлерге абитуриенттерди тандоо жана кабыл алуу, кесиптик лицейлерде мамлекеттик бүтүрүү экзамендерин онлайн режиминде көзөмөлдөө  жайылтылды.

Билим берүү жана илим министрлигинин эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуусунун натыйжасында кесиптик лицейлер заманбап жабдуулар менен жабдылууда. Мисалы, электр газ ширетүүчүлөрдү окутуу боюнча симуляторлор, тез тигүү үчүн жабдуулар орнотулуп, компьютерлер, окуу куралдары жеткирилди.

Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өсүш үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында башталгыч кесиптик билим берүүнүн 10 мекемеси капиталдык оңдоодон өтүүдө. Долбоордун алкагында учурда 60 компьютердик класс жана 464 устакана жабдылып, 78 жатакана оңдолду.

2023-жылы кесиптик лицейлерге өз кызматтарын жана продукцияларын сатуудан түшкөн каражатты окуу жайын өнүктүрүүгө жана инфраструктураны өз алдынча жакшыртууга багыттоого мүмкүндүк берүүчү ченемдик-укуктук актыларга өзгөртүү киргизилди.

“Билим берүү жөнүндө” жаңы мыйзамга ылайык, окуу жайларды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн 2023-жылдан тартып кесиптик лицейлердин жетекчилеринин кызмат орундарына конкурстук тандоо жүргүзүлүүдө.

Башталгыч кесиптик билим берүү системасы социалдык жоопкерчилик долбоорлорун киргизүүдө, мисалы кесиптик лицейлердин базасында 10 миграцияга чейинки даярдоо борбору жана 3 мигранттарды колдоо борбору түзүлдү.  Мындан тышкары, жумушсуз жарандар эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер боюнча окутулууда. Өндүрүштө алынган же өз алдынча өздөштүрүлгөн көндүмдөрдүн деңгээлин тастыктоо үчүн Билим берүү жана илим министрлигинин алдында Көз карандысыз сертификациялоо жана валидациялоо борбору түзүлдү.

Мектеп бүтүрүүчүлөрүн талап кылынган жумушчу адистиктерге тартуу үчүн 2022-жылдан тарта артыкчылыктуу кесиптердин жана адистиктердин фестивалдары өткөрүлүп келет.

Кыргыз Республикасын дүйнөлүк эмгек рыногунда кеңири көрсөтүү үчүн Билим берүү жана илим министрлиги 2023-жылы WorldSkills International ассоциациясына кирүү демилгесин колдогон. 2023-жылдагы эл аралык мелдештердин алдында аймактарда кесиптик лицейлердин окуучулары үчүн таймаштар ​​башталды.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар