1-КЛАССТАРГА III ЧЕЙРЕКТЕ КОШУМЧА ЭС АЛУУ БЕРИЛЕТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

30 Январь 2024 ж. 12:06

Көрүлдү: 1370

Билим берүү жана илим министрлиги 1-класстын окуучулары үчүн III чейректе кошумча бир жумалык каникул берилерин жана анын күндөрүн ар бир регион өз алдынча аныктай тургандыгын билдирет.

post.title

Кошумча каникулду райондук, шаардык билим берүү башкармалыктары ар бир аймактагы аба-ырайынын шарттарына, эпидемиологиялык кырдаалдарына жараша 2024-жылдын 15-январынан 21-мартына чейинки аралыкта белгилей алат.

Белгилей кетсек, биринчи класстардын кошумча эс алуусу Билим берүү жана илим министрлигинин 2023-жылдын 16-августундагы “Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдары үчүн 2023-2024-окуу жылынын базистик окуу пландарын бекитүү жөнүндө” №4882/1 Буйругуна ылайык берилет.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар