ЖАШТАРДЫ КОЛДОО ҮЧҮН ПРЕЗИДЕНТТИН “ЭЛ ҮМҮТҮ” ЭЛ АРАЛЫК СТИПЕНДИЯСЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

29 Январь 2024 ж. 18:08

Көрүлдү: 1291

Таланттуу жаштардын билимге болгон шыктануусун арттыруу, колдоо көрсөтүү жана жаңы муундун заманбап адистерин даярдоо максатында “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы негизделди.

post.title

Кыргыз Республикасынын Президентинин “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясын уюштуруу жөнүндө Жарлыкка өлкө башчы Садыр Жапаров 2022-жылдын 10-майында кол койгон.

Стипендияны алуу үчүн талапкерлер дүйнөнүн алдыңкы 100 университетине, билим берүү программаларына магистр жана PhD доктору деңгээлдери боюнча окууга өткөндүгүн тастыктоосу зарыл. Ошондой эле ал окуу жайдагы жылдык төлөм 50 миң АКШ долларынан ашпоого тийиш.

Президенттик стипендияны ыйгарууга жыл сайын 50 стипендия берилет, анын ичинен техникалык жана инженердик багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 20 стипендия, экономикалык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 10 стипендия, социалдык-гуманитардык багыттар боюнча магистрлерди даярдоого - 10 стипендия, философия доктору PhD программалары боюнча окутуу үчүн - 10 стипендия.

2022-жылы “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы республикалык комиссиянын чечими менен 9 талапкерге ыйгарылса, 2023-жылы 17 стипендиантка берилди.

Жаштардын чет жакта билим алуусуна колдоо көрсөтүүнү көздөгөн президенттик “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясы Кыргыз Республикасынын Президентинин фондунун каражатынан бөлүнүп берилет.

Белгилей кетсек, Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан 2023-жылы “Эл үмүтү” эл аралык стипендиясына талапкерлердин документтерин онлайн кабыл алуу үчүн атайын https://umut.edu.gov.kg/ сайты иштелип чыккан.

 

#отчет3жылга

#билимберүү

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар