ДАЙДЖЕСТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Январь 2024 ж. 18:33

Көрүлдү: 1358

Билим берүү жана илим министрлигинин жаңылыктары: апта ичиндеги орчундуулар

post.title

 1.     Билим берүү жана илим министрлиги окуу китептерин басып чыгарууга адистешкен, басма иштерин толук кандуу жүргүзө алган мамлекеттик басма үйүн түзүүнү максат кылууда.

2.    Министр Догдуркүл Кендирбаева XX Эл аралык Жаутыков олимпиадасында жеңишке жетишкен окуучулар жана аларды даярдаган тренер, мугалимдер менен жолугушуп, мактоо баракчаларын жана белектерди тапшырды.

3.     Догдуркүл Кендирбаева PISA-2025 эл аралык изилдөөсүнө даярдык көрүү боюнча кеңешме өткөрүп, изилдөөгө даярдык көрүүдө мугалимдер менен катар ата-энелердин дагы активдүү катышуусу керектигин белгиледи. 

4.    Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева Тынчтык Корпусунун Кыргыз Республикасындагы директору Хойт Брайан Йии менен жолугушууда эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөөнүн жолдорун, өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюуну жана ыктыярчылардын санын көбөйтүү маселелерин талкуулады.

5.     Министрдин орун басары Лира Самыкбаева Малайзия менен Сингапурдун билим берүү системасы менен таанышты.

6.     Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылган “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өсүш үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында 10 башталгыч кесиптик билим берүү мекемелеринде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө. Учурда Республикалык илимий-методикалык борбордо жана 6 кесиптик лицейде оңдоп-түзөө иштери бүткөрүлүп, материалдык-техникалык базасы жаңыртылууда. 

7.    Бишкекте өткөн «STEM4ALL x Mentoring Her» долбоорунун катышуучуларын жана «STEM4ALL Коомчулугун» сыйлоо аземине министр Догдуркүл Кендирбаева катышты.

8.     Билим берүү жана илим министрлигинин буюрутмасы менен “Учкун” Ачык акционердик коому 7-класстар үчүн "Адам жана коом" окуу китебин жана мугалимдер үчүн методикалык колдонмонун биринчи партиясын басып чыгарып, өлкө мектептерине жөнөтө баштады.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар