Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү
27 Январь 2024 ж. 17:12
Көрүлдү: 577
✔️ UI GreenMetric Дүйнөдөгү университеттердин рейтингинде “Манас” университети алдыңкы 500гө кирди
✔️ Кыргыз-Түрк “Манас” университети Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилине кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын Ардак грамотасы менен сыйланды
✔️ И. Раззаков атындагы КМТУда Көндүмдөрдү өнүктүрүү борбору ачылды жана университеттердин финансылык автономиясынын модели талкууланды
✔️ И.Арабаев атындагы КМУ студенттери академиялык мобилдүүлүк программасы алкагында Л.Н.Гумилев атындагы Евразия улуттук университетине окууга жөнөтүлдү
✔️ И.Арабаев атындагы КМУ медпункту медициналык жабдуулар менен камсыздалды
✔️ Ж. Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде “Anglia Examinations” эл аралык тестирлөө борбору ачылды
✔️ К.И.Скрябин атындагы КУАУнун студенти Турдубаев Арсен тандоодон ийгиликтүү өтүп, Бүткүл дүйнөлүк жаштар фестивалы - 2024 катышуучусу болду
✔️ К.И.Скрябин атындагы КУАУда кыргыз-япон продуктусун өндүрүү аракети башталды
✔️ ОшМУнун магистранты Азия чемпионатында күмүш медаль тагынды
✔️ ОшМПУнун бөлүмү кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курстарын Баткенде улантты
✔️ ОшТУ кытай компаниялары менен кызматташууну кеңейтүүдө
✔️ Б.Сыдыков атындагы Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинде “Scopus» системасына катталуу боюнча семинар өттү
✔️ К.Токтомаматов атындагы ЭАУда спартакиада өтүүдө
#билимилим
#дайджест