ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА: КЫРГЫЗСТАНДА STEM ПРЕДМЕТТЕРДИ ОКУТУУНУ КҮЧТӨНДҮРҮҮГӨ БАСЫМ ЖАСАЛУУДА

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Январь 2024 ж. 17:02

Көрүлдү: 806

Учурда Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан STEM предметтерди окутууну күчтөндүрүүгө басым жасалууда. Бул туурасында 27-январда Бишкекте өткөн «STEM4ALL x Mentoring Her» долбоорунун катышуучуларын жана «STEM4ALL Коомчулугун» сыйлоо аземинде министр Догдуркүл Кендирбаева билдирди.

post.title

«Бүгүнкү ааламдашуу доорунда дүйнөдө STEM багытты өнүктүрүүгө өзгөчө көнүл бурулууда, бул тенденциядан Кыргызстан да артта калган жок. Билим берүү сапатын жогорулатууда STEM предметтер боюнча мугалимдердин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу, жаңы муундагы окуу китептерди ишке киргизүү боюнча иштер жүрүүдө. Жакын арада миңдеген мугалимдерди жеке компьютер менен камсыздоо алдында турабыз, натыйжада STEM сабактарды жүктөө менен анын жеткиликтүүлүгүн арттыруу жана окуучулар менен кайтарым байланышка чыгуу шарты түзүлөт», - деди Догдуркүл Кендирбаева.

Ошондой эле министр тармак жаңы демилгелерге муктаж экендигин, жакын арада  билим берүүнү өнүктүрүү үчүн  7 кадам сунушталарын кошумчалады. «Бизде бир гана максат – билим сапатын жакшыртуу жана балдардын ийкемдүү көндүмдөргө ээ болуусу үчүн  шарттарды түзүү аркылуу Кыргыз Республикасынын күн тартибиндеги чакырыктарга жооп кайтаруу», - деди министр.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар