БАЛДАРДЫН КООПСУЗДУГУНА КАМ КӨРҮҮ БОЮНЧА ТАПШЫРМА БЕРИЛДИ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Январь 2024 ж. 15:58

Көрүлдү: 1323

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаментине, Ош шаардык билим берүү башкармалыгына, райондук жана шаардык билим берүү бөлүмдөрүнө балдардын коопсуздугуна кам көрүү жана алдын алуу маселелерине өзгөчө маани берүүнү тапшырды.

post.title

балдардын жашоосу жана ден соолугу үчүн коопсуз шарттарды түзүү максатында балдардын коопсуздугун жогорулатуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүү;

түшүндүрүү боюнча маалыматтарды ата-энелер, окуучулар арасында жайылтуу боюнча класстык сааттарды, ата-энелердин чогулуштарын уюштуруу;

башталгыч класстардагы окуучуларды мектепке алып келүү жана алып кетүү маселеси боюнча окуучулардын ата-энелери (мыйзамдуу өкүлдөрү) менен тыгыз иш алып баруу; 

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына ылайык, ата-энелер (мыйзамдуу өкүлдөр) билим берүү уюмунун аймагынан тышкары жана окуу убактысынан тышкары жүргөн окуучулардын ден соолугу жана өмүрү үчүн толук жооптуу.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар