РЕСПУБЛИКАЛЫК ИЛИМИЙ-МЕТОДИКАЛЫК БОРБОРДО ЖАНА 6 КЕСИПТИК ЛИЦЕЙДЕ ОҢДОП-ТҮЗӨӨ ИШТЕРИ БҮТКӨРҮЛДҮ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Январь 2024 ж. 15:39

Көрүлдү: 1134

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан Азия өнүктүрүү банкынын колдоосу менен ишке ашырылган “Секторду өнүктүрүү программасы: Инклюзивдик өсүш үчүн көндүмдөр” долбоорунун алкагында 10 башталгыч кесиптик билим берүү мекемелеринде капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлүүдө.

post.title

Учурда андан Билим берүү жана илим министрлигине караштуу Республикалык илимий-методикалык борбордо, Жалал-Абад облусундагы №39, №76 кесиптик лицейлерде, Талас облусундагы №6 кесиптик лицейде, Баткен шаарындагы №57 кесиптик лицейде, Ош облусундагы №54 кесиптик лицейде реконструкциялоо, оңдоп-түзөө жана куруу иштери бүткөрүлүп, материалдык-техникалык базасы мезгил талабына ылайык жаңыртылууда.

Мындан сырткары долбоордун алкагында учурда 60 компьютердик класс жана 464 устакана жабдылып, 78 жатакана оңдолду.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар