“ӨКМӨТТҮК АКСЕЛЕРАТОРЛОР” ПРОГРАММАСЫ: 100 КҮНДӨ ҮЙ ТИБИНДЕГИ 36 БАЛА БАКЧА АЧЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

27 Январь 2024 ж. 10:13

Көрүлдү: 1077

Өлкөдө 2023-жылы биринчи жолу “Өкмөттүк акселераторлор” программасы №1 чакырыгы ишке ашырылды.

post.title

Программа алгач пилоттук негизде Бишкек шаарынын Арча-Бешик, Ала-Тоо, Ак-Ордо, Ак-Босого, Калыс-Ордо, Мурас-Ордо жаңы конуштарында ийгиликтүү ишке ашырылды.

Программанын алкагында 100 күн ичинде мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүү боюнча 800 адам окутулуп, анын 570и сертификат алды. Мындан 262 адам жеке ишкер катары катталып, үй тибиндеги 36 бала бакча ачылды. Жалпылап айтканда 100 күндө 900 гө жакын бала мектепке чейинки билим берүү менен камтылды.

“Өкмөттүк акселераторлор” программасы – мектепке чейинки билим берүү кызматтарын көрсөтүүдөгү тоскоолдуктарды азайтуу жана балдарды мектепке чейинки билим берүү менен камтууну жогорулатуу максатында ишке ашырылды.

2024-жылы “Өкмөттүк акселераторлор” программасы Кыргызстандын аймактарында этап-этабы менен жайылтылат.

Отчет 3 жылга видео - https://fb.watch/pQtCS4Ae30/

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар