«STEM4ALL X MENTORING HER» ДОЛБООРУНУН КАТЫШУУЧУЛАРЫ СЫЙЛАНАТ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Январь 2024 ж. 16:18

Көрүлдү: 442

2024-жылдын 27-январында Novotel мейманканасында «STEM4ALL x Mentoring Her» долбоорунун катышуучуларын жана «STEM4ALL Коомчулугун» сыйлоо аземи өтөт.

post.title

Иш-чара БУУнун Өнүктүрүү программасы тарабынан демилгеленген, Япония Өкмөтүнүн каржылык колдоосу менен ишке ашкан «STEM4ALL x Mentoring Her» жыйынтыкталышына арналат. Долбоор «Роза Отунбаеванын демилгеси» Эл аралык коомдук фонду тарабынан ишке ашырылып, STEM (илим, технология, инженерия жана математика) тармагындагы кыздардын жана аялдардын катышуусун өнүктүрүүгө багытталган. Бул долбоорду Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги да колдоп келе жатат.

“STEM4ALL x Mentoring Her” долбоорунун номинациялары:

  • Мыкты ментор
  • Мыкты менти
  • Мыкты регионалдык ментор
  • Мыкты регионалдык менти
  • Мыкты ментор (англис тилдүү топто)
  • Мыкты менти (англис тилдүү топто)
  • Мыкты ментор мотиватор

“STEM4ALL коомчулугунун” номинациялары:

  • STEM4ALL коомчулугунун мыкты өнөктөшү
  • STEM илгерилетүүдөгү мыкты тажрыйба
  • Мыкты билим берүү партнер

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар