И.РАЗЗАКОВ АТЫНДАГЫ КМТУда КӨНДҮМДӨРДҮ ӨНҮКТҮРҮҮ БОРБОРУ АЧЫЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

26 Январь 2024 ж. 14:47

Көрүлдү: 481

25-январда Билим берүү жана илим министрлигинин жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү башкармалыгынын башчысы Азамат Найманбаев И.Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин алдындагы Көндүмдөрдү өнүктүрүү борборунун ачылыш аземине катышты.

post.title

Борбор “Кыргызстандагы ЖОЖдордун финансылык автономиясын өнүктүрүү” (DEFA) долбоорунун алкагында ачылган. Бул жерде семинарлар жана тренингдер өткөрүлөт.

Салтанатка ошондой эле Финансы министрлигинин, Erasmus+ программасынын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери, ЖОЖдордун ректорлору жана проректорлору катышты. Тегерек столдун катышуучулары менчиктин ар кандай түрүндөгү ЖОЖдордун каржылык өз алдынчалуулугу маселесин талкуулап, DEFA долбоорун ишке ашыруу боюнча маалымат алышты. Кыргызстандын ЖОЖдор ассоциациясынын төрагасы Абдылда Мусаев жана Кыргыз Республикасындагы Erasmus+ кеңсесинин адиси Нургүл Касенова ааламдашуу шартында ЖОЖдордун каржылык-экономикалык ишмердүүлүгүнүн көз карандысыздыгын жогорулатуунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Долбоор Европа Биримдигинин Erasmus+ программасы тарабынан каржыланат.

 

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар