МИНИСТР ДОГДУРКҮЛ КЕНДИРБАЕВА ЖАРАНДАРДЫ КАБЫЛ АЛДЫ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

25 Январь 2024 ж. 17:28

Көрүлдү: 561

25-январда Билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаева жарандарды кабыл алуу графигине ылайык “Коомдук кабылдама” аркылуу жазылган жарандарды кабыл алды.

post.title

Алгач ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жаран жогорку окуу жайда билим алып жаткан кызынын окуусу боюнча маселе менен кайрылды. Министр тийиштүү түзүмдүк бөлүктөргө аталган маселени мыйзам чегинде карап чыгып, арыз ээсине жооп берүү тапшырмасын берди.

Андан соң жарандар билим берүү мекемелериндеги кадр маселеси, билим берүүдөгү кош тилдүүлүк, бала бакчалардын жетишсиздиги маселелери боюнча кайрылышты жана медицина тармагында жаңы адистиктерди киргизүү сунуштары айтылды.

Белгилей кетсек, министр ар жуманын бейшемби күндөрү саат 14:00дөн 16:00гө чейин жарандарды кабыл алат. Коомдук кабылдаманын телефону: +996 (312) 62-05-19.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар