ОТЧЕТ 3 ЖЫЛГА: БАЛДАР БАКЧАСЫ МЕНЕН КАМСЫЗДООНУ ЖОГОРУЛАТУУ

Автор: Маалыматтык саясат бөлүмү

24 Январь 2024 ж. 18:40

Көрүлдү: 1206

2021-2023-жылдары бала бакчалардын жалпы саны 186 га көбөйүп, 1834кө жетти. Типтүү бала бакчаларга балдарды камтуу 199 миңден 220 миңге жетти.

post.title

2021-жыл – 1648 бала бакча иштесе,

2022-жыл – 1712 бала бакча,

2023-жыл – 1834 бала бакча болду.

Балдарды типтүү бала бакчалар менен камтуунун өсүшүнүн соңку үч жылдагы пайыздык көрсөткүчү:

2021-жылы – 22,2%, 2022-жылы–23,9%, 2023-жылы – 26,4% ке жетти.

Учурда 40% балдарды бала бакча менен камсыздоо үчүн чоң максат коюлуп,  ал үчүн:

  • өнөктөштөр менен өз ара аракеттенүүнүн алкагында Дүйнөлүк банк менен биргеликте 560 кыска мөөнөттүү бала бакча ачылат – мында 40 000 миңден ашуун бала бала бакчага барууга шарт түзүлөт;
  •  “Өкмөттүк акселераторлор”  программасын  аймактарга жайылтуу менен үй шартында жеке ишкерлерге 25 балага чейин бала тарбиялоого уруксат берилди. Мында орточо эсеп менен 500 ишкер иш алып барса, 12 миң 500 балага чейин камсыздоого мүмкүн болот;
  • 3 жылдын ичинде бала бакчалардын 4909 уктоочу бөлмөлөрүн окуу жайларына оптималдаштыруу менен122 725  балага кошумча орун түзүлөт;
  • Балдарды өнүктүрүү борборлорунун жаңы моделин ар бир мекеме, уюмдарга жайылтылат;
  • каржылоонун жаңы моделин ишке киргизүү менен жеке менчик балдар бакчаларынын ачылышына шарт түзүлөт.

Ал эми бүгүнкү күнү, бала бакчаларды ачууга, капиталдык оӊдоого/реконструкциялоого,  негизги каражаттарды сатып алууга мамлекеттин колдоосу менен мамлекеттик банктар тараптан 36 айдан 60 айга чейинки мөөнөткө жеӊилдетилген кредит берүү каралган.

Мындан тышкары, мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын имараттарын куруу жолу менен мектепке чейинки билим берүүнү өнүктүрүүгө салым кошкон меценаттардын ысымын курулган бала бакчага ыйгарууга мүмкүнчүлүк берилди.

Ошондой эле мектепке чейинки билим берүү уюмдарын курам жана аны бала бакча катары иштете тургандар болсо, мамлекет жер участогун 49 жылга чейинки мөөнөткө ижарага берүүгө даяр.

Бөлүшүңүз

Пайдалуу шилтемелер

Мамлекеттик сайттар жана порталдар